2021-09-17


“КЫРГЫЗ ТИЛИН ЧЕТ ТИЛ КАТАРЫ ҮЙРӨТҮҮ” СЕМИНАРЫ


2021-жылдын 13-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан “Кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүү” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинар 2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында ѳз ара кызматташуу боюнча келишиминин алкагында өткөрүлдү. Аталган семинарга ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине караштуу факультеттер аралык кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары, башка окуу жайлардын окутуучулары жана тил үйрөтүүгө кызыккан мугалимдер катышты.

Семинардын ачылышында ЧТЖМнин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез, КТМУнун биринчи проректору проф. докт. Асылбек Кулмырзаев жана ОшМУнун проректору доц. докт. Турсунбаев Жанболот агайлар сөз сүйлөп, каалоолорун билдиришти. Семинардын түшкө чейинки отурумунда Кыргыз тили координатору Аскатбек Мамадиев “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүү таржымалы”, Тойчубай Үсөналиев “Түшүнүү көндүмү - угуп түшүнүү”, Назгүл Мурзакматова “Түшүнүү көндүмү - окуп түшүнүү”  деген аталышта баяндама жасашты. Ал эми экинчи отурумда Айнура Бейшеева “Түшүндүрүү көндүмү - жазуу”, ф.и.к. Анара Йүрүмез “Түшүндүрүү көндүмү - оозеки”, Венера Туратбек кызы “Грамматиканы үйрөтүү” жана ага окут. Замира Мажитова “Материал топтоо, адаптациялоо жана колдонуу” деген темаларда баяндама жасашты. Ар бир отурумдун соңунда суроо-жооп болуп, сунуш-пикир, каалоолор айтылды.